Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн
- Арыз менен КТБ же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө
- Онлайн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылуу
Керектүү документтер:
- ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо;
- медициналык маалым кат жок болгон учурда өлүм фактысын аныктоо же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
- арыз ээсинин паспорту.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өлгөн учурда, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге которулган өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
- өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ.
Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.
Өлүмдүгүн каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тариздөө үчүн:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
- Билдирүү түрүн тандаңыз
- Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
- Каза болгон адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
- Каттоо жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк алуу үчүн МРОну (КТБ) тандоо
- Даяр болгон өлүм күбөлүгүн жеткирүү үчүн даректи көрсөтүңүз.
Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.
Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык өлгөндүгүн каттоо күбөлүгү үчүн гана жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:
- КР Үй-бүлө Кодекси
- КР жарандык абалдын актылары жөнүндө Мыйзамы
- 2021-жылдын 11-мартындагы №90 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускама
Өлгөндүгү каттоо жөнүндө кошумча суроолор боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.