Туулгандыкты мамлекеттик каттоо

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бүгүнкү күндө туулгандыгын каттоого жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга арыз берүүнүн бир нече жолу бар:

Керектүү документтер:

  • Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк
  • Баланын ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтер
  • Нике күбөлүгү.

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

КТБга же ККДнын региондор аралык бөлүмүнө кайрылганда туулгандыгын каттоого арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет.

Туулгандыгын каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу  тариздөө үчүн:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
  • Билдирүү түрүн тандаңыз
  • Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
  • Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо жана алуу үчүн МКБ (КТБ) тандоо
  • “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулду алууга жана банкка арыз берүү белгиленсин
  • Даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жеткирүү үчүн даректи көрсөтүү.

Туулгандыкты мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык баланын Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү үчүн гана жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Баланын туулгандыгын каттоо боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Көп берилүүчү суроолор

Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле баланын төрөлүшүн каттоого болобу?

Бала чет өлкөдө төрөлүп, туулгандыгы боюнча тиешелүү документ алынган. Биздин мамлекеттин “Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн” алыш керекпи?

Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк тиркемесинде чыкпайт?