Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүң документтерди тариздөөгө

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөөгө жана жекелештирүүгө документтерди кабыл алуу төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо депатаментинин региондор аралык бөлүмдөрүндө
  • калкты тейлөө борборлорунда (КТБ)
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде

Документтер арыз ээсинин жашаган жана турган жерине карабастан, арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо эсеби жөнүндө же консулдук каттоо жөнүндө маалымат болгондо кабыл алынат.

Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги

16 жашка толо элек адам үчүн:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө)
  • 16 жашка толо элек адамдын жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорту
  • 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн жалпы жарандык паспорт алуу жөнүндө өтүнүч каты/ нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу
  • Эгерде ата-энеси мындай өтүнүчтү бере албаса жана документтерди тариздөөдө катыша албаса, 16 жашка толо элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөөгө жана алууга алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним кат берилет.

16 жашка толгон адамды алгачкы документтештирүүдө:

  • ID-карта
  • арыз -ээсинин ID-картасы жок болгон учурда, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө жана ата-энесинин паспоттору
  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда 16 жашка толгон жана 16 жашка толо элек жарандарга Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталат.

Жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда же каалоосу боюнча:

  • алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт

2) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто ката жазылган жазуулар табылганына байланыштуу:

  • алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө

3) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда

  • алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРде маалыматтар болбогондо) мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет.

Арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:

  • арыз ээсинин экинчи жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арызы, анда экинчи жалпы жарандык паспортту алуунун себептери көрсөтүлөт

Жалпы жарандык паспорт жоголгондо:

  • арыз ээсинин жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жалпы жарандык паспорт берүү жөнүндө арызы

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:

1) чет өлкөлүк жарандын чет өлкөлүк паспорттун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда:

  • чет өлкөлүк паспорт
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат
  • фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк (никеге турганда, бузулганда), жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (жубайы каза болгон учурда)

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө)
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат

3) жарандыгы жок адамдын документинин негизинде жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу:

  • жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө)
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат
  • туулгандыгы тууралуу же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузулганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда)

Анкета-арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет. Төлөм банктардын кассаларында же мобилдик финансылык тиркемелер аркылуу белгиленген Прейскурантка ылайык  жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн документтерди тариздөөгө байланыштуу кошумча суроолор боюнча 119 номери боюнча (КР бардык байланыш операторлору үчүн чалуу акысыз) же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналына кайрылсаңыздар болот.