Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

Никени мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Никеге туруп жаткан адамдардын каалоосу боюнча, никелешүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн. Никелешүүсүн каттоого арызды КТБдан, Бишкек жана Ош шаарларынын Бакыт өргөөлөрүнөн жана КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнөн берүүгө болот.

Керектүү документтер:

  • никеге тургандардын өздүгүн тастыктоочу документтер
  • никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы
  • эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк

Никеге турууну мамлекеттик каттоо жубайлар никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз берген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Өзгөчө жагдайлар (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч) болгондо нике арыз берилген күнү бекитилиши мүмкүн.

Бул учурда кошумча түрдө төмөнкү документтер берилет:

  • медициналык мекемеден кош бойлуулук тууралуу маалым кат
  • жалпы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү
  • ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат (ооруган учурда)

Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никелешүүсүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:

  • белгиленген формадагы биргелешкен арыз
  • белгиленген формадагы биргелешкен арыз
  • белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

КТБга же КДКнын региондор аралык бөлүмүнө кайрылганда никелешүүсүн каттоого арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет.

Никелешүүсүн каттоо жөнүндө күбөлүк үчүн акы төлөнөт.

Баалардын тизмесине шилтеме: https://digital.gov.kg/registracziya-naseleniya/stoimost-uslug-blankov-svidetelstv-po-registraczii-aktov-grazhdanskogo-sostoyaniya/

Кызмат салтанаттуу түрдө мамлекеттик каттоодон тышкары учурларда акысыз көрсөтүлөт.

Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык  Никелешүүнү каттоо жөнүндө күбөлүк берүү үчүн, ошондой эле салтанаттуу каттоо (никени салтанаттуу түрдө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын имаратында да, имараттан тышкары жерде да катталган учурда) кызматына  төлөнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Никелешүүнү каттоо боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.