ID картаны алуу үчүн документтерди тариздөө

ID-картаны  тариздөөгө жана жекелештирүүгө документтерди кабыл алуу төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо депатаментинин региондор аралык бөлүмдөрүндө
  • Калкты тейлөө борборлорунда
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде

Документтер арыз ээсинин жашаган жана турган жерине карабастан, арыз берүүчүнүн жеке катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо эсеби жөнүндө же консулдук каттоо жөнүндө маалымат болгондо кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы — паспорту жекелештирилгенден кийин автоматтык режимде “Түндүк”тиркемесинде санариптик форматтагы ID-картанын сүрөтү түзүлөт. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жетүүгө мүмкүндүк берилген идентификациялык карта юридикалык күчкө ээ жана физикалык форматтагы идентификациялык картанын номиналдык тибиндеги документке барабар болуп саналат.

ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

16 жашка толгон адамды алгачкы документтештирүүдө:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө)
  • арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/кезөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорту/ ID-картаны берүү жөнүндө өтүнүч – камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жактар үчүн

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 2-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталат.

18 жашка толгондо жана андан улуу куракта (адам өз убагында документтештирилбеген учурда):

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же арыз ээсинин жалпы жарандык паспорту (болсо)

ID-картаны алмаштырууда:

1) колдонуу мөөнөтү аяктаганда же каалоосу боюнча

  • алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта

2) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө же ката жазылган жазуулар аныкталгандыгына байланыштуу:

  • алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө

3) ID-карта бузулган учурда:

  • алмаштырылууга тийиш болгон бузулган ID-карта.

ID-карта жоголгондо:

  • арыз ээсинин жоголгон ID-картанын ордуна ID-карта берүү жөнүндө арызы

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырган учурда:

1) 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырганда же бузулганда:

  • алмаштырылууга тийиш болгон паспорт
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө

2) 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жоголгон учурда:

  • арыз ээсинин жоголгон ID-картанын ордуна ID-карта берүү жөнүндө арызы
  • уулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, никени бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө

Мында аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери аймактык бөлүмдө сакталуучу № 1 форманы сканерлейт. № 1 форма жок болгон учурда ID-карта менен документтештирүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу:

1) чет өлкөлүк жарандын чет өлкөлүк паспорттун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна байланыштуу:

  • чет өлкөлүк паспорт
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө маалымкат
  • фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда)

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга байланыштуу:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө)
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына алуу жөнүндө маалымкат;

3) жарандыгы жок адамдын документинин негизинде жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна байланыштуу:

  • жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө)
  • арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына алуу жөнүндө маалымкат
  • никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда)

Эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганда, эгерде арыз ээси мурда ID-карта же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген учурда:

Жарандар жаза-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөгөндө:

  • түзөтүү мекемесинин администрациясынын ID-карта берүү жөнүндө өтүнүч каты
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө
  • никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду, эгерде арыз ээси мурда ID-карта же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген учурда

Жарандар шектүү, айыпталуучу катары камакта кармоо жайларында болгондо:

  • жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүч каты
  • түзөтүү мекемесинин администрациясынын ID-карта берүү жөнүндө өтүнүч каты
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө
  • никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду, эгерде арыз ээси мурда ID-карта же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген учурда

Анкета-арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет. Төлөм банктардын кассаларында белгиленген Прейскурантка ылайык же мобилдик финансылык тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын алуу үчүн документтерди тариздөөгө байланыштуу кошумча суроолор боюнча 119 номери боюнча (КР бардык байланыш операторлору үчүн чалуу акысыз) же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналына кайрылсаңыздар болот.