Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

Никенин бузулгандыгын каттоого арызды КТБга же КР СӨМгө караштуу калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө берүүгө болот

Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр берилет:

  • арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчүдокументтер
  • никелешүү тууралуу күбөлүгү

Никенинин бузуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз
  • соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими
  • мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин), жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер

Мурдагы жубайлар никенин бузулушун мамлекеттик каттоо үчүн ар кандай жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылууга укуктуу.

Кийинчерээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы мурда жазылган жазууга киргизилет. Мындай учурда жубайдын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

КТБга же ККДнын региондор аралык бөлүмүнө кайрылганда никенин бузулушун каттоого арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет.

Чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулушун мамлекеттик каттоо учурунда чет мамлекеттин жаранынын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык Никенин бузулушун каттоо жөнүндө күбөлүк үчүн гана жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Никенин бузулушун каттоо боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.