Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн КТБга же КР СӨМгө караштуу калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл.

Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ
  • арыз берүүчүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
  • эгерде арыз берүүчү никеде турса, никеге туруу жөнүндө күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
  • жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);

Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • ата-энесинин (алардын биринин) өздүгүн тастыктоочу документтери
  • эгерде арыз берүүчү никеде болсо, нике күбөлүктөрү
  • аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо)
  • ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда)

Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кызматы шашылыш тартипте катталгандан башка учурларда акысыз көрсөтүлөт.

Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо жөнүндө күбөлүк, Туулгандыгы тууралуу күбөлүк ошондой эле шашылыш түрдө каттоо үчүн (шашылыш кайрылууда) төлөнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:

Аты- жөнүн өзгөртүүнү мамлекеттик каттообоюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.