Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн КТБга же КР СӨМгө караштуу калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл.
Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкү документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ
- арыз берүүчүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- эгерде арыз берүүчү никеде турса, никеге туруу жөнүндө күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда);
- жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда);
Он алты жашка толо элек адамга карата фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде жана төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
- ата-энесинин (алардын биринин) өздүгүн тастыктоочу документтери
- эгерде арыз берүүчү никеде болсо, нике күбөлүктөрү
- аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүк (болсо)
- ата-энесинин биринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (ата-энесинин биринин биргелешкен арызын берүү мүмкүн болбогон учурда)
Он жашка толгон, жашы жете элек балага карата фамилиясын, атын жана атасынын атып өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.
Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кызматы шашылыш тартипте катталгандан башка учурларда акысыз көрсөтүлөт.
Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоо жөнүндө күбөлүк, Туулгандыгы тууралуу күбөлүк ошондой эле шашылыш түрдө каттоо үчүн (шашылыш кайрылууда) төлөнөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:
- КР Үй-бүлө Кодекси
- КР жарандык абалдын актылары жөнүндө Мыйзамы
- 2021-жылдын 11-мартындагы №90 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускама
Аты- жөнүн өзгөртүүнү мамлекеттик каттообоюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.
Көп берилүүчү суроолор:
16 жашка чыккан адамдын аты-жөнүн өзгөртүүгө болобу?
16 жашка чыга элек адамдын аты-жөнүн кантип өзгөртүү керек?
Ошол эле учурда аты-жөнүн, атын жана атасынын атын өзгөртүү мүмкүнбү?
Ишеним кат менен фамилиясын өзгөртө алабы?
Чет элдик жарандын атын кантип өзгөртүү керек?
Аты-жөнүн өзгөрткөндөн кийин паспортту алмаштыруу керекпи?
Өзгөртүү канча убакытта жүргүзүлөт?
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет өлкөдө алынган болсо, кантип аты-жөнүн өзгөртүү мүмкүн?
Эгер бир ай мурун фамилия өзгөргөн болсо, атымды өзгөртө аламбы?
Атамдын атын (отчество) алдыртсам болобу?
Шашылыш түрдө атын өзгөртүү мүмкүнбү?
Атасынын макулдугу жок баланын аты – жөнүн өзгөртө аламбы? Никебиз жок жана аталыгы аныкталган эмес.
Күйөөмдүн фамилиясы өзгөргөн учурда, фамилиямды өзгөртүшүм керекпи?
Ата-эне аты-жөнүн өзгөрткөн учурда, жашы жеткен балдары аты-жөнүн өзгөртүү керекпи?
Аты-жөнүн өзгөртүүгө онлайн арыз берсе болобу?
Фамилиямды апамдын фамилиясына алмаштырсам болобу?
Атамдын атын өгөй атамдын атын өзгөртсөм болобу?
Турмушка чыга элек учурдагы фамилияма кантип өтсөм болот? Учурда мен жубайымдын фамилиясындамын