Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча документтерди кабыл алуунун шарттары

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча  арызы менен Калкты тейлөө борборлоруна, Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө төмөнкү жарандар кайрылууга укуктуу:

  • СССРдин жарандыгында турган, 1974-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар
  • ар кандай себептерден улам 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспортун жоготкон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган адамдар. Бул категориядагыларга паспортун жоготкондугу жөнүндө иш ачылат жана адамдын инсандыгы жана жарандыгы аныкталгандан кийин корутунду чыгарылат;
  • жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калган (1993-жылдын 18-декабрындагы № 1333-ХII “Кыргыз Республикасынын граждандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна туш келбей калган, же ата-энелери жок жана туугандарында же тааныштарында тарбияланган), бирок алар да иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин (мындан ары – КМШга катышкан-мамлекеттер) жарандыгына таандыктыгы жөнүндө белгиси менен 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспорту бар, ошол өлкөнүн улуттук паспорту менен документтештирилбеген адамдар. Бул категориядагылар Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме жок болгон учурда ким экендигин ырастаган колдонуудагы документтин жоктугунун себеби жөнүндө түшүнүк катты жана айрым учурларда чет мамлекеттин жарандыгын жоготкондугу же жоктугу жөнүндө маалымкат беришет
  • Кыргыз Республикасынын аймагында беш жана андан ашык жыл туруктуу жашаган жана КМШга катышкан-мамлекеттердин жараны экендигин ырастаган колдонуу мөөнөтү аяктаган паспорту бар, жана аларга байланышпаган себептерден улам аны узартуу же анык паспортко алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар. Мындай адамдар тийиштүү документти көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган себептерин жазуу менен арыз беришет.
  • 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту бар же аны жоготкон адамдар, мурда 1994-жылкы үлгүдөү паспортк берилген Форма №1 жана форма №2 жок болгон учурда;
  • Мурда 2 жылдык мөөнөткө убактылуу күбөлүк менен документтештирилген адамдар;
  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин 2-6-пункттарына ылайык балдар;

Талап кылынуучу документтер:

  • арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтин (паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк) түп нускасын жана ксерокөчүрмөсүн, 1974-жылдын үлгүсүндөгү СССРдин паспортун көрсөткөндө региондор аралык бөлүм паспорт берилген жердеги региондор аралык бөлүмгө 1-формадагы карточканы талап кылууга сурам жөнөтөт
  • кеңири өмүр баянын
  • 4×6 см өлчөмүндө ак фондо эки фотосүрөт
  • Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган төмөнкү документтердин бирин (каттоо жөнүндө белгиси менен паспорт, жашап турууга уруксат, жашаган жеринен маалымкат, окуган, иштеген жеринен маалымкат, (кварталдык, үй комитетинин же айыл башчысынын) милициянын участкалык инспектору жана арыз ээсинин үч коңшусунун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо фактысын белгилеген актысы
  • үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастаган документ (нике жөнүндө күбөлүк, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк)

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

Жарандык тууралуу кошумча суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын СӨМ колл-борборуна 119 номери боюнча кайрылсаңыз болот (чалуу Кыргыз Республикасынын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз) же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.