Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо

Жашаган жерин алмаштырган жаран Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты   каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмүнө же Калкты тейлөө борборуна  10 жумушчу күндүн ичинде жаңы жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн кайрылуууга милдеттүү.

Жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ
  • жаранды турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелүүчү документ (ордер, келишим, турак жайды берген адамдын арызы же башка документ) же анын тиешелүү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү реестринде маалымат болсо талап кылынбайт)

16 жашка чыга элек жарандар үчүн

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту, алардын жеке катышуусу менен

Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.

аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн:

  • мурдагы жашаган жери боюнча аскердик эсептен чыккандыгы жана жаңы жашаган жерине аскердик эеепке тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк)

аскер кызматчылары үчүн

  • аскердик бөлүк же аскердик мекеме тарабынан берилген маалымкат

эркинен ажыратылган жерден бошотулган жарандар үчүн:

  • эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат

Арыз ээси/турак жайдын ээси жок болгон учурда нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу же ишеним кат талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак жайдын ээси болгон жаран алардын биринде гана каттоого алынат.

Туруктуу жашаган жери жок жарандар  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык дарегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүчү боюнча каттого алынат.  Ал үчүн адамдын ким экенин билдирүүчү документ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  органынын өтүнүчү талап кылынат.

Жашаган жеринде каттоо боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.