Туулгандыкты мамлекеттик каттоо
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бүгүнкү күндө туулгандыгын каттоого жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга арыз берүүнүн бир нече жолу бар:
- Арызды КТБ же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрү аркылуу берүү
- Онлайн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу
Керектүү документтер:
- Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк
- Баланын ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтер
- Нике күбөлүгү.
Документтерди санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.
КТБга же ККДнын региондор аралык бөлүмүнө кайрылганда туулгандыгын каттоого арыз кызматкер тарабынан жеринде таризделет.
Туулгандыгын каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тариздөө үчүн:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү
- Билдирүү түрүн тандаңыз
- Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү
- Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо жана алуу үчүн МКБ (КТБ) тандоо
- “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулду алууга жана банкка арыз берүү белгиленсин
- Даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жеткирүү үчүн даректи көрсөтүү.
Туулгандыкты мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.
Төлөм бекитилген Прейскурантка ылайык баланын Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү үчүн гана жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери:
- КР Үй-бүлө Кодекси
- КР жарандык абалдын актылары жөнүндө Мыйзамы
- 2021-жылдын 11-мартындагы №90 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускама
Баланын туулгандыгын каттоо боюнча кошумча суроолор боюнча КР СӨМдүн call-борборуна 119 (чалуу КР бардык байланыш операторлорунан акысыз) номери боюнча же КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин Telegram каналы аркылуу кайрылсаңыз болот.
Көп берилүүчү суроолор
Баланын төрөлүшүн кайда каттаса болот?
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн документтердин тизмеси кандай?
Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле баланын төрөлүшүн каттоого болобу?
Баланын туулгандыгы тууралуу арыз качан берилиши керек?
Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк тиркемесинде чыкпайт?
Туулгандыгын каттоо жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн кантип төлөөгө болот?
Эненин кош бойлуу кезинде аталыкты аныктоо боюнча биргелешкен арыз бере аласызбы?
Жашы жете элек эненин баласынын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн документтердин тизмеси кандай?
Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо кандай жүргүзүлөт?
Өлүк төрөлгөн балага мамлекеттик каттоо жүргүзүлөбү?
Баланын туулгандыгын каттоодо дароо ПИН алууга болобу?
Суррогат болуп төрөлгөн баланы кантип каттоого болот?
Ата-энеси ооруп, каза болгон учурда баланын төрөлгөндүгүн каттоо үчүн ким арыз менен кайрыла алат?
Кош фамилия ыйгарууга жол берилеби?
Кош ысым ыйгарууга жол берилеби?
Эгерде эне жалгыз болсо, баланын аты-жөнү кантип көрсөтүлөт?