Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызынын;
  • жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө арызынын жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (өкүмүнүн), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;
  • никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин.

Документтерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө болот!

Чет мамлекеттин жараны менен никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда чет өлкөлүк жарандын паспорту мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен берилет, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар тарабынан никени бузуу жөнүндө биргелешкен арыз берилген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр берилет:

  • арыз ээлеринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
  • никелешүү тууралуу күбөлүк.

Эгерде жубайлардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жубайлардын биринин каалоосу никени бузуу жөнүндө өзүнчө арыз менен таризделиши мүмкүн. Жубайынын колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Никеси чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан катталган, жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жалпы негиздерде жүргүзүлөт:

  • белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилирленген, мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен никелешүү тууралуу күбөлүк, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
  • мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен чет өлкөлүк жарандын паспорту, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

  • жубайлардын биринин арызынын;
  • соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, эгерде жубайлардын экинчиси сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса жана жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын кагышуусунда жүргүзүлөт.

Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:

  • никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;
  • соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  • мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин), жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
  • жубайлардын биринин кызыкчылыгын коргогон адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты.

Мурдагы жубайлар Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу. Кийинчерээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы мурда жазылган жазууга киргизилет. Мындай учурда жубайдын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

Чет мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын сотунун никенин бузулгандыгы тууралуу чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоодо өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн жубай ушул фамилияны сактап калууга же никеге чейинки фамилиясын кайра алууга укуктуу.

Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт.

Акы никенин бузулушу тууралуу күбөлүктүн бланкы үчүн гана төлөнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү никени бузуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде жубайлардын биринин алгачкы кайрылуусунан башка учурларда кайрылган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

 

 Көп берилүүчү суроолор:

Кыргыз Республикасында никени бузууга кайсы органдар укуктуу?

Кандай учурларда, нике каттоо органдары (ЖААК) аркылуу токтотулушу мүмкүн?

Кандай учурларда нике сот аркылуу бузулат?

ЖААК аркылуу никени бузуу мөөнөтү кандай?

Жубайлардын бири жок болгон учурда никени бузуу мүмкүнбү?

Аялынын кош бойлуу кезинде никени бузууга болобу?

Нике бузулгандан кийин фамилияны кантип өзгөртсө болот?

Никени бузууда паспортту электрондук түрдө көрсөтсө болобу?

Эгерде жубайлардын бири никени бузууга арыз берүү үчүн келе албаса, эмне кылуу керек?

Ишеним кат аркылуу никени бузуу боюнча өз ара арыз берүүгө болобу?

Эгерде жубайлардын бири никени бузуу тууралуу күбөлүк алса, соттун чечимин экинчиси алып барууга милдеттүүбү?

Эгер паспорттун мөөнөтү өтүп кетсе, анда ажырашууга арыз берүү мүмкүнбү?

Чет өлкөдө жүргөндө никени кантип бузуу мүмкүн?

Кандай учурларда никени бузуу арыз берилген күнү жүргүзүлөт?

Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо кайда жүргүзүлөт?