Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү

Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү, жарандык абалдын акт жазууларынын көчүрмөлөрдү, маалым каттарды, билдирүүлөрдү берүү

Бул мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө кайталап күбөлүк же маалымкат, көчүрмө бөлүк берүү жөнүндө арыз;
  • арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ.

Эгерде өкүл кайрылса, төмөнкүлөрдү берүү керек:

  • өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу тиешелүү түрдө таризделген документ (ишеним кат);
  • өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документ.

 Документтерди “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө болот!

Кызмат алуу үчүн акы төлөнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү арыз ээлери кайрылган жер боюнча жүзөгө ашырылат.