Ж.Жумалиев Түштүк Кореядагы Kt Cloud компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

img

 

2024-жылдын 18-мартында мамлекеттик булут платформасын (Government Cloud же G-Cloud) ишке ашыруу боюнча тажрыйба алуу максатында Түштүк Кореяга мамлекеттик кызматкерлер үчүн окуу сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев Kt cloud жетекчилиги – вице-президенти Нам Чунг Бом жана IDC аткаруучу директору Ким Сеун Ын менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

− KT G-Cloud сереп салуу: учурдагы абалы жана негизги көндүмдөрү;

− KT G-Cloud долбоорун жана биллинг ыкмаларын презентациялоо;

− Kt Cloud башкаруу системасын карап чыгуу, анын ичинде Helpdesk, жайылтуу жол-жоболору, коопсуздук, инциденттерге чара көрүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу жана ITSMдин башка аспектилери

− Түштүк Кореянын мамлекеттик дата борбору тууралуу актуалдуу маалымат.

Kt Cloud кызматкерлери Кореянын Өкмөттүк булутту түзүү тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти жана өкмөттүк булут жайгашкан 2 маалымат иштеп чыгуу борборун көрсөтүштү, алар Чонан жана Сеул шаарларында жайгашкан.

Жолугушууда мындан аркы кызматташуунун потенциалдуу багыттары тууралуу маселе талкууланды. Kt Cloud компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында мамлекеттик булут платформасын (Government Cloud же G-Cloud) ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө жана топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө толук даяр экендигин билдиришти.

 

Маалымат үчүн:

Digital CASAKR” долбоорунун алкагында жарандарга мамлекеттик кызматтарды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн мамлекеттик булут платформасын (Government Cloud же GCloud) түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Булут платформаны колдонуу учурдагы инфраструктураны консолидациялоону жана мамлекеттик органдардын МТ жабдууларын оптималдаштырууну, ийкемдүү масштабдаштырууну камсыздайт, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жана авариялык калыбына келтирүү боюнча чыгымдарды азайтат. Башкача айтканда, санариптик экономика жана санариптик өкмөт үчүн бекем технологиялык база (фундамент) түзүлөт. Натыйжада мамлекет сапаттуу жана ишенимдүү электрондук мамлекеттик кызматтарды камсыздап, ал эми жарандар ал кызматтарды ала алышат.