Кыргызстандын Ачык маалыматтар порталы мамлекеттик маалыматтарга борборлоштурулган жеткиликтүүлүктү камсыздайт

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги КР Ачык маалыматтар порталынын (data.gov.kg) бирдиктүү санариптик платформасынын иштеши жана өнүктүрүлүшү тууралуу маалымдайт.

Бул ресурс КР «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун камсыздоого багытталган.

Бүгүнкү күндө data.gov.kg порталында 51 уюм тарабынан сунушталган 1403 маалымат топтому жайгаштырылган. Платформада экономика, бюджет, демография, транспорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу коомдук мааниси жогору чөйрөлөрдөгү маалыматтар топтолот.

Колдонуучулар үчүн порталдын негизги артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү:

Маалыматка тоскоолдуксуз жетүү. Жарандар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары расмий кат жүзүндө суроо-талап жөнөтпөстөн эле, мекемелердин ишенимдүү статистикалык жана отчёттук маалыматтарын ыңгайлуу форматтарда ала алышат.

Порталды модернизациялоонун алкагында мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалыматтык системалары менен интеграциялоо функционалы киргизилди. Маалыматтар түздөн-түз ведомстволук системалардан жүктөлүп турат, бул аларды өз убагында актуалдаштырып туруу процессин кыйла жеңилдетет.

Кайтарым байланыш системасы. Платформада колдонуучуларга жарыяланган маалымат топтомдорунун сапатын, толуктугун жана пайдалуулугун беш баллдык шкала боюнча баалоого мүмкүндүк берүүчү рейтингдик модуль ишке ашырылган.

Жарыяланган материалдар менен таанышуу жана платформанын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн расмий сайтка баш багыңыз: https://data.gov.kg.