Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мамлекеттик кызматтар боюнча тесттик режимде чат-бот ишке киргизилди / 119 Call-борборунун статистикасы

img

 

2024-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 Call-борбору 60 000ге жакын чалууларды иштеп чыккан. Мындан тышкары Министрликтин digital.gov.kg, infocom.kg, nomer.srs.kg, tizme.gov.kg сыяктуу интернет-ресурстарында онлайн чаттар аркылуу беш миңден ашык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Бул маалыматтар технологиялык прогресс жана тез санариптештирүү доорунда да биздин жарандар үчүн жандуу баарлашуу зарылдыгы актуалдуу бойдон калганын көрсөтүп турат.
Call-борбордун ишин жакшыртуунун маанилүү кадамы 2024-жылдын март айынан баштап @infocom_kg_bot чатботунун ишке киргизилиши болду.

Чат-бот күнү-түнү жарандардан эң көп берилүүчү : паспорт алуу, калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө убактысы, жарандык абалдын актыларын каттоо, булуттук электрондук кол тамганы алуу тартиби, Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана мобилдик тиркеме колдонуу боюнча суроолоруна тез жана так жоопторду берет.
Чат-боттун артыкчылыгы тил тандоо жана 24/7 баарлашуу үчүн жеткиликтүүлүк, үзгүлтүксүз колдоо жана айкын убакыт ыргагында суроолорго жооп берүү.

t.me/infocom_kg_bot иштеп баштаган биринчи айдын ичинде 1000ден ашык сүйлошүүлөр жүргүзүлүп, аны жарандар активдүү колдонуп жатканын айгинеледи.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалма интеллектке негизделген бот digital.gov.kg, infocom.kg, сайттарында, ошондой эле WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Call-борбору 2015-жылдын август айында иштеп баштаган жана ачылгандан бери эки миллиондон ашык чалууларды иштеп чыккан. Ал заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылып, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.