icon__file icon__search

Демилгелер

Смотреть все
Кененирээк

Министрлик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы №114 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Кыргыз Республикасыны Юстиция Министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн. Бул бириктирүү санариптик доордо Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн ресурстарды бириктирүү максатында жүргүзүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги биринчи кезекте санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга колдоо көрсөтөт жана алып барат. Мындан тышкары, Министрлик электрондук кол тамгаларды колдонуу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтар, идентификациялоо системасы, санарип технологияларды бирдей колдонууну камсыз кылуу, электр жана почта байланышы, радио жана телекөрсөтүү, калкты жана, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иштери, кибер коопсуздук (Министрликтин компетенциясындагы).

Кененирээк
Герб Кыргызской Республики