Н.Кутаева Германиянын BVL өкүлдөрү менен жолугушуп, санариптештирүү жана логистика жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

img

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Германиянын логисттик ассоциациясынын өкүлдөрү Мирко Новак жана Кристоф Крошке мырза менен жолугушуу өткөрдү, анда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда санариптештирүү жана логистика тармагында кызматташуунун перспективалары талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана анын бөлүнүштөрүнүн, «Кыргыз почтасы» жана «Кыргызтелеком» акционердик коомдорунун, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана «Тундук» мамлекеттик мекемесинин өнүктүрүүнүн негизги пландары сунушталды.

Өз кезегинде өкүлдөр санариптештирүү жана логистикага байланыштуу тажрыйба жана долбоорлор, анын ичинде автоунааларга онлайн-буйрутмаларды ишке киргизүү жана трекинг-системаны иштеп чыгуу менен бөлүшүштү. Эл аралык деңгээлдеги логистикадагы потенциалдуу көйгөйлөр жана мүмкүн болгон чечимдер, ошондой эле жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүктү колдонуу менен эл аралык базарларга кеңейтүү пландары талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артып, санариптик трансформация жана логистикалык процесстерди жакшыртуу боюнча коюлган максаттарга жетүүдө кошумча колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу министрдин 2023-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров жетектеген расмий делегациянын курамында Гамбургга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча болуп өттү.