Санарип документтер

«Tunduk» мобилдик тиркемеси смартфон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын компоненти болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди колдонуу» 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 мыйзамдуу мааниге ээ деп таанылган санариптик документтер. Буга байланыштуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемесинде төмөнкү санариптик документтер ишке ашырылган:
  • Идентификациялык карта (ID-карта)
  • Айдоочулук күбөлүк
  • Трансорпт каражатын каттоо күбөлүгү
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк
  • Никени бузуу тууралуу күбөлүк
  • Пенсиялык күбөлүк
  • Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн смартфондору аркылуу «Tunduk» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга санариптик форматтагы документтерди көрсөтө алышат.
Санариптик документтердин негизги артыкчылыгы-колдонууга ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөө. Белгилей кетүүчү нерсе, санариптик документтин бүт процесси коопсуздукту жогорулатты. Калган документтер жакынкы келечекте кошулат.
Санариптик документти колдонуу үчүн жаранга төмөнкүлөр керек:
  • Идентификациянын бирдиктүү системасында авторизацияланышы керек (калкты тейлөө борборунан булутка негизделген электрондук санариптик кол тамганы акысыз алуу зарыл.
  • «Tunduk» мобилдик тиркемесин  ANDROID жана IOS  жүктөп алыңыз.
  • Кирүү булут электрондук санарип кол тамгасы аркылуу мобилдик тиркемеде.
  • Тиркемеде «санариптик документтер» бөлүмүнө өтүңүз.