“Түндүк” мобилдик тиркемеси

Жарандар активдүү колдонгон эң актуалдуу система – ««Түндүк» мобилдик тиркемеси
«Түндүк» мобилдик тиркемеси смартфон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берген электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын компоненти болуп саналат «Түндүк» мобилдик тиркемесинин башкы өзгөчөлүгү санариптик документтер болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн смартфондору аркылуу «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга санариптик форматтагы документтерди көрсөтө алышат.
Санариптик документтердин негизги артыкчылыгы-колдонууга ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөө. Белгилей кетүүчү нерсе, санариптик документтин бүт процесси коопсуздукту жогорулатты.

Ошондой эле мобилдик тиркемеде автоматташтырылган мамлекеттик кызматтар жана сервистер ишке ашырылган.

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму аркылуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууларды жөнөтүү функциясы ишке ашырылган.

Тиркеменин колдонуучуларына ыңгайлуу болуу максатында алынган кызматтарды жана кайрылуулардын таржымалын көрүү функциялары ишке ашырылган.

«Түндүк» мобилдик тиркемеси жогорку социалдык мааниге ээ, анткени мобилдик тиркемеде ишке ашырылган санариптик документтер, электрондук кызматтар жарандардын жашоосун кыйла жеңилдетет. Жарандар үйүнөн чыкпай туруп, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, дароо режимде маалымкаттарды, санариптик форматтагы документтерди ала алышат жана менчигинин түрүнө карабастан каалаган уюмга көрсөтө алышат, ошону менен жарандын чиновниктер менен өз ара аракеттешүүсү жокко чыгарылат жана коррупциялык механизмдер четтетилет.

Ар бир жаңыртуу менен мобилдик тиркемеге жаңы функциялар кошулат, мисалы:

  • «Коопсуз шаар» айыптары, башкы экранга чыгарылды жана реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө жүктөлөт жана колдонуучуга анын айыптары жөнүндө кабарлайт.
  • Соттук карызды эми мобилдик тиркеменин башкы экранынан көрсө болот.
  • «Укук бузуулардын бирдиктүү реестрии» системасында (мындан ары – ЕРП) катталган айыптар башкы экранга чыгарылды жана реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө жүктөлөт жана колдонуучуга анын айыптары жөнүндө кабарлайт. Эми колдонуучу – ЕРП системасында катталган бардык айыптарды, ошондой эле ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан кол менен жазылган айыптарды көрө алат.

Азыркы учурда «Түндүк» мобилдик тиркемесинде Мамлекеттик кызматтар үчүн төлөм төлөм инструменти аркылуу ишке ашырылды.

Мобилдик тиркемеге кирүү булуттук электрондук кол тамга аркылуу жүргүзүлөт, аны мобилдик тиркемеде онлайн алууга болот.

Тиркеме Android жана iOS платформаларында жүктөө үчүн жеткиликтүү.

  • https://play.google.com/store/apps/details
  • id=com.portal.tunduk&hl=ru&gl=US&pli=1https://apps.apple.com/az/app/tunduk/id1533035059