Борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  •  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:

  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
  • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топтору үчүн кесиптик билим деңгээли:

Кесиптик билим деңгээли:

  • башкаруу системаларын автоматташтыруу, маалыматтык технологиялар, юриспруденция, эл аралык мамилелер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, финансы жаатындагы жогорку билим.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук, кенже топтору үчүн билим:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Электрондук колтамга жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому.
    кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле чет тилдерди билүү;
    компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талап коюлбайт.

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн билгичтиктер:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу
  •  түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу
  • таламдардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү
  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү
  • конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (карамагындагы кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө)
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо
  • аналитикалык документтерди даярдоо
  • тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу
  • ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
  • ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн билгичтиктер:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу
  • кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу
  • жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу
  • командада иштөө.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу
  • компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

  • жеке арызы, кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы, сүрөтү, резюмеси, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен)
  • паспорттун көчүрмөсү (конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы көрсөтүлөт)
  • зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү)
  • сунуштоо каттары (болсо)
  • толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган: www.digital.gov.kg.

2024-жылдын 6-июнунан тартып 18-июнуна чейин скоросшивателге көктөлгөн документтерди көрсөтүлгөн дарек боюнча тапшыруу зарыл: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119, 218-иш бөлмө, телефон: 60-50-04.