Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы №114 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Кыргыз Республикасыны Юстиция Министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатында, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышынын, анын ичинде радио жана телеберүүлөрдүн, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иши жана өз компетенциясынын чегинде киберкоопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.

Министрликтин ишинин максаты санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, санариптик технологиялардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жана өлкөнү дүйнөлүк маалыматтык-технологиялык мейкиндикке интеграциялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы №114 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Кыргыз Республикасыны Юстиция Министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Министрликтин расмий кыскартылган аталышы- СӨМ.

Мамлекеттик жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

Министрликтин башчысы – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна.