img
Кутнаева Нурия Асылбековна
Санариптик өнүктүрүү министри
Билими

1999-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин ("эл аралык мамилелер" адистиги боюнча) аяктаган. 1997-1998-жылдары АКШда окуган (студенттерди алмашуу). 2003-жылы Германияда саясат таануу боюнча магистратураны аяктап, Людвиг-Максимилиан-Мюнхен университетинин аспирантурасына тапшырган (2003-2004). 2005-жылы ЕККУнун Бишкектеги академиясын аяктаган. 2013-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде саясат таануу илимдеринин кандидаты даражасын алган.
2020-жылы Global Information Assurance Certification (GIAC) жана эл аралык SANS институту (системалык башкаруу, аудит, тармактар жана коопсуздук) киберкоопсуздук тармагында жетекчилер үчүн киберкоопсуздук негиздери боюнча эл аралык сертификатка ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү

2005-2009 жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын мугалими;
2009–2014 жж. - Борбордук Азия Эл аралык университетинин вице-президенти, вице-президенттин окуу иштери боюнча орун басары, мугалим, эл аралык байланыштар программасынын жетекчиси;
2014 – 2018 жж. - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук коркунучтарын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;
2018-2021 жж. - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Тундук» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;
2019-2020 жж. - «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашырууну камсыздоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
2021 ж. – IT консультанты, эл аралык долбоор.
2021-жылдын 22-ноябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
2023-жылдын 13-сентябрынан тарта санариптик өнүктүрүү министри.

Кошумча маалымат
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
20дан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде монографиялардын жана Россия Федерациясынын ЖОЖдору үчүн окуу китептериндеги бөлүмдөрдүн автору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
img
Жумалиев Жумамүдүн Болотбекович
Министрдин биринчи орун басары
Билими
2005-жылы И.Раззаков атындагыКыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Маалыматтык технологиялар, байланыш тармактары жана коммутация системалары боюнча дипломуна ээ болгон.

Кошумча билими
Telecom Management
Centre for Excellence in Telecom Technology & Management, Mumbai, India;
Маалыматтарды берүү технологиясы курсу боюнча инженерлерди окутуу
Huawei Окуу борбору (РФ, Москва ш.);
Operation and Maintenance Training
Customer Support Ceragon Networks, Ltd., (Израиль, Тель-Авив ш.);
CDMA WLL Product Training, BTS Product Training; iManager M2000V2 Engineer Training
Huawei University, (КЭР, Шень-Жень ш.).

Эмгек ишмердүүлүгү
2005 - 2006 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук Байланыш Агентствосу
Техникалык, тарифтик жана монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгынын техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн адиси
2006 - 2008 Инженер Цеха систем передач «Кыргызтелеком» ААКнун маалыматтарды берүү системанын Цехинин инженери
2008 - 2014 «Кыргызтелеком» ААКнун модернизациялоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү инженери
2014 - 2017 «Кыргызтелеком» ААКнун маалыматтарды берүү системанын Цехинин башчысы
2017 «Кыргызтелеком» ААКнун Эксплуатация боюнча борбордун директору
2017 - 2018 «Кыргызтелеком» ААКнун вице президенти – техникалык директору
2018 - 2019 Главный инженер МП «Бишкексвет» Муниципалдык ишканасынын башкы инженери
2018 - 2019 Директор «Бишкексвет» Муниципалдык ишканасынын директоры
2020 - 2021 Digital CASA - КР долбоорунун техникалык суроолор боюнча координатор
2021 Digital CASA – КР долбоорунун ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу
2021 - 2023 КР Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн эксперти

Маселелерди координациялайт:
санариптештирүү, электрондук өкмөт, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
интеграцияланган мамлекеттик маалыматтык системаларды жана тармактарды, маалыматтарды иштеп чыгуунун бирдиктүү мамлекеттик борборун, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын жана башка мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды түзүү, иштетүү, өнүктүрүү жана башкаруу механизмдерин түзүү жана ишке ашыруу;
мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана системаларды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну, өнүктүрүүнү жана коопсуздугун камсыз кылуу;
жарандарга жана бизнеске электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарда электрондук башкаруунун бирдиктүү техникалык архитектурасын жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды түзүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
img
Кожомуратов Замирбек Кубанычович
Министрдин орун басары
img
Слесарев Сергей Петрович
Министрдин орун басары
Слесарев Сергей Петрович окончил Кыргызский Государственный Национальный Университет в 1999 году по специальности «Экономика». В 2003 году он успешно завершил обучение в Кыргызско-Российском университете, получив специальность «Юриспруденция».
img
Омельченко Клим Сергеевич
Министрдин орун басары
Билими
2010-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. 2013-жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын (Москва) эл аралык мамилелер адистиги боюнча дипломун алган. 2016-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинде “Эл аралык коомдук укук, европалык укук” адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Кошумча билими
Киберкоопсуздук боюнча Япония эл аралык кызматташтык агенттиги;
Киберкоопсуздук, Жеке маалыматтарды коргоо, Бизнес үзгүлтүксүздүгү Борбордук Азия Университети;
GDPR: Жеке маалыматтарды коргоо «Би СИ ЭЙ» ЖЧК;
Мамлекеттик башкаруунун негиздери, Коррупцияга каршы саясат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы ченемдик-укуктук колдоо; Ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, ЕККУнун электрондук гильотина системасы менен иштөө.

Эмгек ишмердүүлүгү
2007 «Глобалинк Лопсистикс Груп» ЖЧК;
2013 - 2014 Эл аралык университет Кыргызстан
2014 - 2015 "Мультимедиялык аралыктан окутуу институту" коммерциялык эмес билим берүү мекемеси
2015 - 2016 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2017 – 2019 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
2019 ЗАО «А Плюс»
2019 - 2021 Кыргыз Республикасынын Маалымат жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Тундук» мамлекеттик ишканасы
2021 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
2022 -2023 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
2023 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Кошумча маалымат
. Анын адам укуктары, купуялуулук жана жеке маалыматтарды коргоо жаатында илимий эмгектери бар. Адам укуктары жаатында кол тийбестикти камсыз кылуу, ошондой эле электрондук башкаруу боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Компьютердик программаларды жана маалымат базаларын ойлоп табууга патенттери бар. Жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөр жана санариптик укук боюнча окутуу үчүн окуу-методикалык материалдарды иштеп чыккан.


Маселелерди координациялайт:
калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, электрондук кол тамга, күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредитациялоо жана киберкоопсуздук, заманбап технологияларды колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча тармактык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу жөнүндө документтерди, жашап турууга уруксат алуу үчүн документтерди даярдоо жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу жана туруктуу жашоо боюнча.
Кыргыз Республикасынын жарандарына улуттук паспортторду берүү жана калкты тейлөө борборлорунун иши
жарандардын жеке жана биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча;
аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун сертификаттарынын реестрин жүргүзүү боюнча;
электрондук кол тамганын бирдиктүү инфраструктурасын түзүү боюнча;
киберкоопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана аныктоо жана компьютердик инцидентке жооп берүү боюнча маселелер.