Жашап турууга уруксат

Жашап турууга уруксаттар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

  • убактылуу жашап турууга уруксат – кийин жыл сайын, бирок беш жылдан ашык эмес мөөнөткө узартуу менен бир жылдык мөөнөткө берилет;
  • туруктуу жашап турууга уруксат – беш жылдык мөөнөткө, бирок чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүнөн ашык эмес, 45 жашка толгондо – чет мамлекеттин паспортунун же жарандыгы жок адамдын күбөлүгүнүн бүткүл колдонуу мөөнөтүнө берилет.

Жашап турууга туруктуу уруксат алуу үчүн документтердин тизмеси

Арыз берүү менен төмөнкү документтер 2 нускада берилиши керек:

  • паспорт жана паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү
  • нике жөнүндө күбөлүк жана анын көчүрмөсү көчүрмөсү (эгер никелүү болсо)
  • арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.
  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (“СПИД” борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары)
  • арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн – Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу)
  • чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
  • арыз ээсинин толук өмүр баяны
  • ата-энелеринин биринин улутун ырастаган маалымкатты (документ) (туулгандыгы тууралуу актылык жазуу)
  • Кыргыз Республикасынын жараны болгон тууганы же Кыргыз Республикасында иммигранттын статусун алган адам жиберген чакырууну
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык байланышын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде тургандар нике жөнүндө күбөлүктү жана жубайынын паспортунун көчүрмөсүн, чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген арыз ээси менен балдары чогуу жашаса туугандыгын же асырап алгандык фактысын, ошондой эле чогуу жашагандыгын ырастачу документтерди
  • арыз ээсинин жана анын туугандарынын фамилиялары ар башка болсо туугандык мамиле кошумча тапшырылчу тийиштүү документтер менен далилденет
  • камкордук жана көзөмөлдүк фактысын ырастачу документтер
  • адистиги (кесиби) бар экенин ырастачу документтер жана рекомендациялар.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.

Эгер арыз ээси менен кошо аялы (күйөөсү) 14төн 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келсе турган болсо, алардын Кыргыз Республикасына келүүгө жазуу жүзүндөгү макулдуктары талап кылынат.

Документтеги баланын колу нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Эгер Кыргыз Республикасына ата-энелердин бирөө гана 18 жашка чейинки курактагы балдары менен келе турган болсо, ал жубайынын балдары иммиграцияга кетип жаткан атасы (энеси) менен чогуу жашашына каршы эместиги жөнүндө нотариуста күбөлөндүрүлгөн арызын тапшырууга тийиш.

Андай макулдук жок болсо иммигрант ата (эне) тийиштүү мамлекеттин балдарды ошол жубайга ыйгаргандык жөнүндө соттун чечимин тапшырууга тийиш.

 

Убактылуу жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга төмөнкүлөр үчүн берилет:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү үчүн;
  • окуу жайда окуу үчүн – окуу жайдын жана билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негиздерде 6 айдан кем эмес жашаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам белгиленген формадагы убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу.

Жашап турууга убактылуу уруксат алуу үчүн документтердин тизмеси:

  • паспорт жана анын көчүрмөсү же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү
  • нике жөнүндө күбөлүк жана анын көчүрмөсү (эгер никелүү болсо)
  • арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилик минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.
  • ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттар (“СПИД” борборунун, наркология жана психоневрлогия борборлорунун маалымкаттары)
  • арыз ээси жарандыгын токтотконун күбөлөндүргөн документ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандыгы жок адамдары үчүн – Департаменттин органынын аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу)
  • чет өлкөлүк жарандын өзү жараны болгон мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жокторго ал Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
  • арыз ээсинин толук өмүр баяны.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар аларда болжолдонуп жаткан жашачу жеринде турак жайы бар экенин же Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жана жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жарандарынын аларга убактылуу жашап туруу үчүн турак жай берүүгө макулдугун ырастачу документтерди да тапшырышат.

Эмгек ишмердигин жүргүзүүчү арыз ээси ишканасынын катталганы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн тапшырышат. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окугандар окуу жай менен контракттын көчүрмөлөрүн жана окуган жеринен маалымкат тапшырышат. Кыргыз Республикасында инвестиция салуучу инвестицияны тарткан уюмдун жетекчисинин ал чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчемдө инвестиция салып жатканы жөнүндө катын берет.

Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттары менен 60 календардык күндөн ашык болууга ниеттенген Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүү тартиби менен аймактык бөлүмгө убактылуу жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.

Убактылуу жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү үчүн зарыл болгон аймактык бөлүмдөргө берилүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын аймагында ишке, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттар боюнча 60 календардык күндөн ашык жүрүү ниети менен кайрылган учурда:

1) ТМЭБС аркылуу аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулуучу арыз;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жашап турууга уруксатты кабыл алуу, тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастоочу квитанция;

3) паспорт жана паспорттун же аны алмаштыруучу, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

4) алардын болжолдуу жашаган жери боюнча турак жайы бар экендигин же турак жайдын менчик ээсинин турак жайды жашоо үчүн берүүгө макулдугун жана арыз ээсине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумун камсыз кылуучу легалдуу киреше булагын ырастоочу документтер.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун укуктук негиздери:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтому

КР аймагында жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө Жобо

 

Кызмат баалары

Көп берилүүчү суроолор

Жашап турууга уруксат канча мөөнөткө берилет?

Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн кандай документтер керек?

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат алуу үчүн кайда кайрылса болот?

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатты ким ала алат?

КР жашап турууга уруксаттын кайсыл түрлөрү болот?

КР жашап турууга уруксатты алуу үчүн кандай талаптар бар?

Кайсыл учурда жашап турууга убактылуу уруксат берилет?

Кайсыл учурда жашап турууга туруктуу уруксат берилет?

Жашап турууга уруксаты бар жарандардын кандай укуктары бар?

Жашы жете элек балдар жашап турууга уруксатты кандай алышат?

Жашап турууга уруксат канча мөөнөткө берилет?

Ишеним каттын негизинде документтерди тапшырса болобу?

Арызды кароонун мөөнөттөрү?

Убактылуу жашап турууга уруксатты жөнөкөй тартипте алууга болобу?

Убактылуу жашап турууга уруксат алууга балдарынын макулдугу керекпи?

Балдардын экинчи ата-энесинин макулдугу керекпи?

Убактылуу жашап турууга уруксат алууга жубайынын макулдугу керекпи?

Убактылуу жашап турууга уруксат алууга соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынабы?

Кайсыл учурда убактылуу жашап турууга уруксат берилбейт?

Жашап турууга уруксатты жокко чыгаруу?

Жашап турууга уруксат берилбегенден кийин канча убакыттан кийин кайрылса болот?

ereg.e-gov.kg сайты аркылуу жашап турууга уруксатты онлайн каттоого болобу?

Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн КР Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу талап кылынабы?

Паспортту алмаштырууда жашап турууга уруксатты алмаштыруу талап кылынабы же кызматкерлер колдонуудагы жашап турууга уруксатка жаңы паспорттук маалыматтарды өзү киргизеби?