Мекен-карт

Мекен-карт – чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун ырастоочу мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган документ чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту болгондо жарактуу. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат. Мекен-карттын колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт. Өтүнүч кат 18 жашка толгон арыз ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында – региондор аралык бөлүмдөрүнө жерде жеке кайрылуусу менен берилет. Чет мамлекеттердин аймагында таризделген чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун ыйгаруу үчүн берилген расмий документтердин көчүрмөлөрү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга же апостиль коюлууга тийиш. Чет тилинде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Котормонун тактыгы жана котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Эгерде өтүнүч берилген күнү ким экендигин жана жарандыгын ырастаган документтердин жарактуулук мөөнөтү 6 айдан кем болсо, чет өлкөнүн жарандарынын өтүнүчтөрү кароого кабыл алынбайт.

Жалпы тартипте документтерди кабыл алуу

чет өлкөлүк жарандар жалпы тартипте кайрылууга укуктуу, эгерде:

  • мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон (анын ичинде балдары);
  • алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган;
  • алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган;
  • Кыргыз ССРинде туулган, ошондой эле алардын балдары жана неберелери

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте документтерди кабыл алуу:

чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтпөсө, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кайрылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ( Өзбекистан, Казахстан, Тажикистан, Кытай) чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу берилиши мүмкүн эмес.

Документтердин тизмеси мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

  • АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
  • чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (актылык жазуусунан көчүрмө, сертификат) – 18 жашка чейинкилер
  • ФАА өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүгү – жеке маалыматтарын өзгөрткөн учурда
  • камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө күбөлүгү, мыйзамдуу  өкүлдүн паспорту,  ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө чечим – мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилгенде;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө берилген маалымкат, Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат)
  • Чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымат (системадан автоматтык түрдө текшерилет, кагаз түрүндө суралбайт);
  • мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
  • Мекен-картасын жекелештирүү жана даярдоо үчүн квитанция;
  • кызмат үчүн квитанция.

алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

  • АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
  • чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • туугандык байланыштарын ырастаган документтер –  туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер, бул документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү, эгерде чет тилинде түзүлгөн болсо);
  • камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө күбөлүгү, мыйзамдуу  өкүлдүн паспорту,  ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө чечим – мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилгенде;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө берилген маалымкат, Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде маалымат жок болгон учурда талап кылынат)
  • Чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымат (системадан автоматтык түрдө текшерилет, кагаз түрүндө суралбайт);
  • мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
  • Мекен-картасын жекелештирүү жана даярдоо үчүн квитанция;
  • кызмат үчүн квитанция.

алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

  • АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
  • чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • туугандык байланыштарын ырастаган документтер –  туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер, бул документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү, эгерде чет тилинде түзүлгөн болсо);
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жакын туугандары: атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин)
  • камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө күбөлүгү, мыйзамдуу  өкүлдүн паспорту,  ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө чечим – мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилгенде;
  • чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымат (системадан автоматтык түрдө текшерилет, кагаз түрүндө суралбайт);
  • мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
  • Мекен-картасын жекелештирүү жана даярдоо үчүн квитанция;
  • кызмат үчүн квитанция.

Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

  • АМС аркылуу таризделген өтүнүч;
  • чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүгү – Кыргыз ССРнин аймагында берилген жана көчүрмөсү;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары жана неберелери үчүн үй-бүлө байланыштарын ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, же туулгандыгы тууралуу документ);
  • камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө жөнүндө күбөлүгү, мыйзамдуу  өкүлдүн паспорту,  ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө чечим – мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилгенде;
  • Чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымат (системадан автоматтык түрдө текшерилет, кагаз түрүндө суралбайт);
  • мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
  • Мекен-картасын жекелештирүү жана даярдоо үчүн квитанция;
  • кызмат үчүн квитанция.

Көп берилүүчү суроолор

Мекен-карта документин алуу үчүн кайда кайрылса болот?

Мекен-карт документи канча мөөнөткө берилет?

Мекен-карта документин ким ала алат?

Мекен карт алууга документтерди ишенимдүү адам тапшырса болобу?

Мекен карт берүүнүн мөөнөтү?

Мекен карт алуу үчүн ИЖН милдеттүү түрдө алуу керекпи?

Мекен карт алууга керектүү документтер?

Документтерди легализациялоо талап кылынабы?

Мекен карттын жарактуу мөөнөтү?

Мекен карт жашы жете элек балдарга берилеби?