“Түндүк” тиркемеси аркылуу эмдөө жөнүндө билдирүү боюнча жаңы кызмат ишке кирди

img

“Түндүк” Мобилдик тиркеме аркылуу боло турган эмдөө жөнүндө жекелештирилген билдирүү боюнча жаңы кызмат ишке киргизилди. Бул инновациялык кызмат КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматташтыгынын негизинде жана жарандарды жаш курагына жана профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык сунушталган вакциналарга жараша эмдөө зарылдыгы жөнүндө өз убагында маалымдоо максатында иштелип чыккан.

Ата-энелер балдары үчүн билдирүүлөрдү ала алышат, бул бүт үй-бүлөнүн ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүндүк берет. Алынган вакциналар жөнүндө маалымат автоматтык түрдө санариптик ден соолук профилинде башкы беттеги “билдирүү” өтмөгүндө көрсөтүлөт (жогорку оң бурчтагы коңгуроо белгиси).
Билдирмелер үчүн, балаңыздын маалыматы санариптик ден-соолук профилинде пайда болгонун текшериңиз. Маалыматтар жок болгон учурда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн санариптештирүү зарыл.

Бул үчүн, тиркеменин өзүндө:

  •  башкы бетине өтүңүз
  • “Дал келбеген маалыматтар чыгып жатабы?” өтмөгүн тандаңыз
  •  көрсөтүлгөн пункттарды толтуруңуз
  • тиешелүү билдирүү калтырыңыз

Же сиз туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жакынкы КТБга кайрылсаңыз болот.

Бул кызматтын ишке кириши санариптик форматтагы мамлекеттик кызматтарды тиркеме аркылуу дагы кеңейтет. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик кызматтарга жетүүнү жеңилдетүү үчүн заманбап технологияларды киргизүүнү улантууда.11:58