Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө ачылды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган виртуалдык көргөзмөнү жарыялады.

Бул виртуалдык көргөзмөнүн негизине Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин (КФФД), Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин (КР БМА) жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин фотодокументтери жана документтери кирди.

Көргөзмө 1907-жылдан тартып 1950-жылга чейинки мезгил аралыгындагы  кагаз жүзүндөгү 176 документтерди жана 163 документтин сүрөтүн камтыйт.

Белгилей кетсек, көргөзмөдө Россия Федерациясынын мамлекеттик кинофотодокументтер архивинен (РМ КФДА) 2015-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №626-р токтому менен бекитилген 2015-2025-жылдарга чет мамлекеттердин архивдеринде, музейлеринде жана китепканаларында кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтерди, материалдарды аныктоо жана чогултуу программасынын алкагында алынып келинген 15 фотодокумент коюлган.

Көрүүчүлөргө тартууланган көргөзмө төрт бөлүмдөн турат: «Башааты», «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү», «Негиз салуучулар», «Маданий-агартуу иштери».

Автономиялык облустун түзүлүшүнүн натыйжасында Түркстан АССРинин айрым облустарына бөлүнүп кеткен кыргыз жерлери жана кыргыздар бир  бүтүн мамлекет болуп биригишкен.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган онлайн көргөзмө