Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигинин Starlink өкүлдөрү менен жолугушуусу: кызматташтыктын жаңы горизонттору

img

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигинин Starlink компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул өлкөдөгү санариптик технологиялар секторун биргелешип өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.

Жолугушууда спутниктик интернетти киргизүү жана зарыл болгон ченем укуктук базаны иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Starlink өкүлдөрү дүйнө жүзү боюнча жана КМШ өлкөлөрүндө спутниктик интернетке байланыштуу тажрыйбалары жана долбоорлору менен бөлүшүп, мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында  спутниктик интернетти киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоо үчүн анын тесттик долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жолугушуунун катышуучулары кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенимин билдиришип, Кыргызстанда спутниктик технологияларды өнүктүрүү боюнча өз ара пайдалуу максаттарга жетүү үчүн кошумча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти.