МЦР: Бакыт өргөөсүндө оңдоо иштери башталды

img

2024-жылдын 10-майында Бакыт өргөөсүнүн имаратында оңдоо иштери башталган. 2024-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу жабык. Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек үйлөнүү үлпөт сарайына борбор калаанын тургундары жана коноктору никени салтанаттуу түрдө каттоодон тышкары, төмөнкү кызматтар боюнча кайрылса болот: туулгандыгын каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна кайрылуу тариздөө, аты-жөнүн өзгөртүү, асырап алуу, күбөлүктөрдүн дубликатын алуу, идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу жана ажырашууларды каттоо. Мындан тышкары, никени жеринде салтанаттуу каттоо үчүн чыгуу кызматы жеткиликтүү. Эскерте кетсек никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна да кайрылса болот. Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз.