Ноокен районунда жаңы калкты тейлөө борбору жана жаңыланган айылдык бөлүм ачылат

img

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын апрель айында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында заманбап Калкты тейлөө борборун ачууну пландоодо.

Аталган имарат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өнүктүрүү фондунун каражатына курулган жана СӨМгө караштуу “Инфоком” Мамлекеттик мекемесинин ыкчам башкаруусуна берилген. Имараттын аянты 407м2.

Бүгүнкү күндө КТБнын ишин ишке киргизүү үчүн бардык зарыл чаралар кабыл алынды, кеңсе эмеректери жана компьютердик жабдуулар сатып алынды.

Масы айылындагы жаңы Калкты тейлөө борборунда жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн, анда фотозона, маалымдама, документтерди кабыл алуу, даяр паспортторду берүү, күтүү залы, нотариус, касса каралган. Мындан тышкары, бул кызматтардын бардыгы электрондук түрдө көрсөтүлүп, жарандарга убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, Ноокен районунун Ак-Чий айылында СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык айылдык бөлүмүнүн иши жанданат.

Учурда жарандарды кабыл алуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат. Айылдык бөлүмдү ачуу бир айдын ичинде пландаштырылууда.

Маалымдама: Ноокен районунун калкынын саны 150 000ге жакын. Бүгүнкү күндө Масы айылында региондор аралык бөлүм иштеп жатат. Көп сандаган кайрылуулар боюнча, болжол менен 44 000 калкы бар райондук борбордон 18 000 км алыстыкта жайгашкан Бүргөндү айылындагы бөлүмү ишин жандандырып, калкты паспорттоштуруу, ЖААК жана каттоо линиясы боюнча бардык кызматтарды көрсөтүүнү улантат.