Санариптик өнүктүрүү министрлигинде депутаттык топтун көчмө жыйыны болуп өттү.

img

Бүгүн, 2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Министрликтин жетекчилигинин анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Элдик” депутаттык тобунун көчмө жыйыны болуп өттү.

 

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З. Кожомуратов Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама берип, ведомствонун негизги жетишкендиктерине жана алдыдагы коюлган пландарга токтолду.

 

Иш – чаранын жүрүшүндө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча учурдагы кырдаал жана атайын “тез жардам” унаалары, өрткө каршы кызмат жана башка атайын унаалар тарабынан жасалган мыйзам бузууларды автоматтык фотовидеофиксациялоонун колдонулушу жөнүндө маселелер талкууланды.

 

Жыйындын соңунда депутаттык топ жол эрежесин бузгандарга айып салынган “Бакыт каттары” боюнча чараларды көрүүнү, архивдик документтерди санариптештирүү жана өлкөнүн алыскы аймактарын интернет менен камсыз кылуу боюнча ишти улантууну жана күчөтүүнү сунуштады.