Кызыл-Кыяда санариптештирүү боюнча биринчи регионалдык жаштар форуму башталды

img

Бүгүн, 2024-жылдын 15-апрелинде, Кызыл-Кыя шаарында (Баткен облусу) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен санариптештирүү боюнча регионалдык жаштар форуму башталды. Форумду Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри Ильяз Бабаев жана министрликтин өкүлдөрү ачышты.

Форумдун ачылышында катышуучулар өлкөнүн аймактарынын тургундарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешип, жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.Санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форумунун алкагында өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын Министрликке караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, “D-CASA – КР” долбоорунун өкүлү, «MEGA», «Beeline» жана «О» мобилдик операторлорунун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Регионалдык жаштар форумуна Баткен облусундагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү катышты.Форумдун жүрүшүндө санариптик технологиялардын көргөзмөсү уюштурулуп, студенттерге мамлекеттик кызматтарды алууда “Түндүк” тиркемесинин артыкчылыктары жөнүндө кеңири түшүндүрүү жүргүзүлүп, катышуучуларга электрондук кол тамганы онлайн алуу маселелери боюнча кеп кеңеш берилди.
Форумдун максаты – жаңы санариптик чечимдер жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аймактардын тургундарына, негизинен жаштарга инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүн үйрөтүү.

Санариптештирүү боюнча бул аймактык жаштар форуму өз ишин 17-апрелде Ошто жана 19-апрелде Жалал-Абадда улантат, мындай форумдар жыл бою Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.