Калкты документтештирүү үчүн Казарманда жаңыланган Калкты каттоо департаментинин имараты ачылды

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин аймактык аралык бөлүмүнүн ишин оптималдаштыруу максатында Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо району Казарманда толук кандуу жаңыланган имараттын салтанаттуу ачылышы болуп өттү, анда заманбап капиталдык оңдоо жүргүзүлдү жана бардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, департаменттин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бүгүнкү күндө имараттын жалпы аянты 185 чарчы метрди түзөт, анын ичинде:
– жаш жубайлар үчүн никени каттоо бөлмөсү;
– касса;
– сүрөт студиясы;
– маалымдама;
– 25 орундуу унаа токтотуучу жай.
– эне жана бала бөлмөсү бар.
Тогуз-Торо районунда 30 миңге жакын адам жашайт, аймактар аралык бөлүмдүн 5 кызматкери күнүнө 120га жакын жаранды тейлейт.
Бул иш-чара Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу жана Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти тарабынан эмерек, компьютердик жабдуулар жана башка материалдык-техникалык жабдыктар сатып алынган.
Аймактык аралык бөлүм паспорттоштуруу, жарандык абалдын актылары жана калкты каттоо чөйрөсүндө бардык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт. Бөлүм төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Казарман ш., Жээналиев көч., 31.

Маалымдама: 2021-жылы имарат КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен КРнын Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан КРнын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин балансына өткөрүлүп берилген. Буга чейин имараттын аянты 80 чарчы метрди түзүп, оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен жер участогуна укук белгилөөчү документти алуу менен аянты 185 чарчы метрге чейин кеңейтилген.