Жалал-Абадда Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму болуп өттү

img

Бүгүн, 2024-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму болуп өттү. Регионалдык жаштар форумунун ишине шаардык жогорку окуу жайлардын студенттери, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, ЖОЖдордун окутуучулары жана IT жана санариптик технологиялар багыты боюнча окуган студенттер катышышты.

Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун ишин Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Жаныш Раимжанов жана Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад Мамлекеттик  университетинин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев ачышты.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов өзүнүн видео кайрылуусунда бул Регионалдык жаштар форумунун маанилүүлүгүнө токтолду. “Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму эл арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт, андыктан мындай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүү абдан маанилүү”, – деп айтылат анын видео кайрылуусунда.

Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун алкагында форумдун катышуучуларына мамлекеттик кызматтарды алуудагы “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө жана булуттуу электрондук кол тамганын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти, өлкөнүн аймактарын интернет – байланыш менен камсыз кылууда “DCASA – КР” долбоорунун жетишкендиктерин көрсөтүп, муну менен бирге башка дагы маанилүү маалыматтар айтылды.

Форумдан тышкары, жогорку санариптик технологиялардын көргөзмөсү уюштурулду, анда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы, “Кыргызтелеком” ААК, жергиликтүү стартаптар жана “Мега”, “Beeline” сыяктуу ата-мекендик уюлдук операторлор жана “Бакай Банк” Ачык акционердик коому санариптик технологиялар жаатындагы жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун максаты калктын, өзгөчө жаштардын арасында санариптик сабаттуулукту максималдуу түрдө арттыруу болуп саналат. Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму буга чейин 15-апрелде Кызыл-Кыя шаарында, ал эми 17-апрелде Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн.