Кыргызстандагы КТБларда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маалыматтык бурчтар ачылды

img

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн “Инфоком” МИнин республика боюнча 36 КТБда бул маанилүү датага арналган маалыматтык бурчтар уюштурулду.

Маалыматтык бурчтар билим берүүчү жана маалыматтык мүнөзгө ээ. КТБга келгендер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралуу тарыхын чоң кызыгуу менен таанышып, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов жана башка кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган мамлекеттик жана саясий ишмерлердин өмүр баянын үйрөнүшүүдө.

Маалыматтык бурчтарга төмөнкүлөр коюлду:

– Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу айтып берген документтер жана сүрөттөр;

– 100 жыл ичиндеги Кыргызстандыктын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтык такта;

– Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер жана китепчелер.

КТБларда маалыматтык бурчтарды уюштуруу – бул Кыргызстандын тарыхына таазим жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоого кошкон салым.

Республиканын бардык тургундарын жана конокторун КТБларга барып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маалыматтык бурчтар менен таанышууга чакырабыз!Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн “Инфоком” МИнин республика боюнча 36 КТБда бул маанилүү датага арналган маалыматтык бурчтар уюштурулду.

Маалыматтык бурчтар билим берүүчү жана маалыматтык мүнөзгө ээ. КТБга келгендер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралуу тарыхын чоң кызыгуу менен таанышып, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов жана башка кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган мамлекеттик жана саясий ишмерлердин өмүр баянын үйрөнүшүүдө.

Маалыматтык бурчтарга төмөнкүлөр коюлду:

– Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу айтып берген документтер жана сүрөттөр;

– 100 жыл ичиндеги Кыргызстандыктын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтык такта;

– Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер жана китепчелер.

КТБларда маалыматтык бурчтарды уюштуруу – бул Кыргызстандын тарыхына таазим жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоого кошкон салым.

Республиканын бардык тургундарын жана конокторун КТБларга барып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган маалыматтык бурчтар менен таанышууга чакырабыз!