Бишкек жана Ош шаарларынын КТБда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилди!

img

Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана жарандардын күтүү убактысын кыскартуу максатында Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы киргизилди.

2024-жылдын 24-майынан тартып төмөнкү КТБда жаңы система иштеп жатат:

– КТБ-1, Бишкек шаары (КТБ ДК);

– КТБ-4, Бишкек шаары (“Элдорадо” КТБ);

– КТБ, Ош шаары.

КТБда жаңы системаны ишке киргизүү графиги:

– 2024-жылдын 29-майынан тартып, КТБ-3;

– 2024-жылдын 31-майынан тартып, КТБ-2.

Кезектин жаңы системасы ишке киргизилгендигине байланыштуу КТБда убакытты онлайн режиминде брондоо үчүн Early One тиркемеси өз ишин токтотуп жатканына сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бардык брондолгон талондор 2024-жылдын 2-июнунан баштап жараксыз болот. Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.

Электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система “Tunduk” тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына кеңейет, бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет.

Атамекендик электрондук кезек системасы СӨМгө караштуу “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана биздин өлкөнүн КТБнын кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алат, бул анын ишин жеңил жана түшүнүктүү кылат.