Балыкчыда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

img

Бүгүн, 2024-жылдын 8-апрелинде Балыкчы шаарында Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов, КР СӨМгө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары А. Джапаров, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жаңы форматтагы калкты тейлөө борборунун (КТБ) ачылышы болуп өттү.

Жалпы аянты  213 чарчы метр түзгөн КТБнын имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан.

Балыкчы шаарынын жаңы КТБда жарандарды паспорттоштуруу кызматтарын көрсөтүүгө, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү, касса, нотариус, фото, күтүү залы, эне жана бала бөлмөсү, видеокөзөмөл ж.б.документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» МИ калкты тейлөө борборун жаңы эмеректер жана техникалык жабдуулар менен толук камсыз кылды.

Калкты тейлөө борбору бардык заманбап талаптарга жооп берет жана автоматташтырылган маалыматтык системалар кошулган.

Жарандар электрондук кезек менен кабыл алынат, бул убакытты бир топ үнөмдөйт.

Жалпысынан 13 адис жарандарды кабыл алат.

Ошондой эле КТБда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандус, унаа токтотуучу жай каралып, шаардык транспорттук каттамдар өтө алыс эмес.

Балыкчы шаарынын калкынын саны 54 миңден ашат жана Ысык-Көл облусундагы эң жыш жайгашкан шаарлардын бири болуп эсептелинет.

 

Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү эки башка имаратта жайгашып, касса жана нотариус өзүнчө башка имаратта болгондуктан, элге ыңгайсыздыктар жаратып келген.

Аталган Калкты тейлөө борбору Ысык-Көл облусунун эң ири КТБнун бири болуп, күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган.