Азербайжанда архивдик иш жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду

img

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-апрелде Азербайжан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алардын бири “Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы архив иши жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”. Бул меморандум эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана архивдик иш чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга багытталган.