Баланын төрөлүшүн каттоо боюнча эң актуалдуу 3 суроо

img

Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги туулгандыгын каттоо боюнча эң актуалдуу 3 маселени сунуштайт:

1. Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле баланын төрөлүшүн каттоого болобу?

Ооба болот. Учурда https://portal.tunduk.kg/ Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын каттоого 300гө жакын арыз кабыл алынды.
«Үй-бүлө» бөлүмүндө ата-энелер туулгандыгын каттоого арыз жазып, «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул алууга кайрылуу жөнөтө алышат. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн онлайн төлөм жүргүзүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн жакынкы КТБ тандоо да каралган, ата-энелер кааласа документти үйгө чейин жеткирип берүүгө буюртма бере алышат.
2. Бала чет өлкөдө төрөлүп, туулгандыгы боюнча тиешелүү документ алынган. Биздин мамлекеттин “Туулгандыгы тууралуу күбөлүк” алыш керекпи?
Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостиль коюу шартында Кыргызстанда жарактуу деп таанылат. Кыргызстанда туулгандыгын кайра каттоо талап кылынбайт, бирок жеке идентификациялык жеке номер (ИЖН) алуу керек. Ал үчүн ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтери, ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жакынкы КТБга кайрылсаңыз болот.

3. Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк тиркемесинде чыкпайт?

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде сунушталган санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Жарандык абалдын актыларын каттоо автоматташтырылган маалыматтык тутумунан (АИС) алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Санариптик документти туура болуусу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк толугу менен санариптештирилиши керек.

Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилбесе, жок болсо же туура эмес маалымат көрсөтүлсө, “Түндүк” тиркемеси аркылуу “Дал келбеген маалыматтар чыгып жатабы?” бөлүмүнө өтүп, документтин сканерден өткөн версиясын тиркөө менен кайрылуу жөнөтүшүңүз керек.
Белгилей кетсек, бала 16 жашка толгондо баланын санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энелерге көрсөтүлбөй калат, анткени паспорт алгандан кийин документ жарандын өзүнө көрсөтүлөт.
Маалымат үчүн: Туулгандыгын каттоо үчүн керектүү документтер: туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк; баланын ата-энесинин же алардын биринин паспорту; нике күбөлүк.
Документтерди “Түндүк” тиркемесинде санарип форматта көрсөтсө болот.

Кошумча маалыматты 119 call-борборунан жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана анын бөлүмдөрүнүн расмий сайттарынан алса болот.