“IT тармагындагы кыздардын ролу” темасында тренинг болуп өттү

img

Бүгүн, 2024-жылдын 1-мартында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинде I Республикалык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун алкагында “IT тармагындагы кыздардын ролу” темасында тренинг өткөрүлдү.

Тренинг бир жерге IT багыты боюнча окуган студент-кыздарды жана санариптик технологияларга кызыгышкан студенттерди чогултту. Тренингде өздөрүнүн презентациялары менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Р.Жусумамбетова, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары А. Кененбаева, DCASA-КР долбоорунун өкүлү Э. Саккараева, GEEKS программисттер клубунун резиденттери, ошондой эле “Мега”, “Beeline”, “О” атамекендик уюлдук операторлордун жетектөөчү IT-адистери чыгып сүйлөштү.

Тренингдин спикерлери активдүү студенттерге баалуу белектерди тапшырышты. Тренингде кыз-студенттерге мамлекеттик башкаруу системасында кеңири жайылтылып жаткан жаңы санариптик технологиялар жөнүндө кеңири маалымат берилип, баяндамачылар өз тажрыйбаларында катышуучулар менен IT-тармагындагы жаралган кыйынчылыктар жана ал кыйынчылыктарга туруштук берүү жаатында ой бөлүшүштү.

Тренингдин алкагында студенттер спикерлерге суроолорун берип, аларга жооп алышты.