Орозо Айт маарек болсун!

img
Урматтуу кыргызстандыктар, мусулмандар!
Сиздерди ыйык Орозо айынын бүтүшү жана Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!
Кылган жакшы иштериңизди, ниеттериңиздерди, тилеген тилектериңиздерди Жараткан кабыл кылышын чын жүрөктөн каалайбыз.
Жаркын Орозо Айт майрамы жүрөгүңүздөрдү бейпилдикке толтуруп, ар бир үйгө тынчтык, ынтымак жана токчулук алып келсин!
Мамлекетибиз гүлдөп өсүп, элибиздин ынтымагы чыңдала берсин!
Орозо Айт маарек болсун!