Бишкек шаарынын күнү менен!

img

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун меймандары!

 

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Бишкектин бардык тургундарын жана конокторун шаар күнү менен куттуктайт жана биздин Бишкек шаарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхына назарыңыздарга сунуштайт. Бул үчүн биз борбор шаар катары жашап турган мезгилиндеги бардык өзгөрүүлөрдү жана метаморфоздорду көрсөткөн уникалдуу архивдик сүрөттөрдү сиздер менен бөлүшөбүз.

 

Сүрөттөрдө тарыхый имараттар жана маданий эстеликтер, ошондой эле жарым кылым мурун ушундай болгон негизги жолдор көрсөтүлгөн. Ар бир сүрөт көпчүлүктүн сүйүктүү жерлерине болгон сагынычын жана шаардын жашоосундагы жана өнүгүүсүндөгү жана маанилүү окуялардын жагымдуу эскерүүлөрүн ойготот.

 

Бүгүнкү күндө биздин заманбап коомдо активдүү санариптик трансформация, бардык санариптик технологияларды жана калктын санариптик сабаттуулугу өнүгүп жатат, бул болсо жаш муундарды андан ары өсүү үчүн стимулдап, өз кезегинде биздин Бишкек шаарынын гүлдөп өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

 

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык шаардыктарды бул маанилүү майрам – шаар күнү менен куттуктайт жана бардык шаардыктарга бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүү, бийик асман, ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалайт!