“Борбордук-Азиялык өз ара байланыштагы инфраструктура” долбоору боюнча регионалдык диалог

img

Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Борбор Азия өз ара байланыштуу инфраструктура” долбоору боюнча аймактык диалогго катышууда. Санариптештирүү маселелери боюнча Кыргызстандын атынан санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ж.Жумалиев катышууда.

Бул иш-чара Борбор Азия аймагын транспорт, энергетика жана санариптештирүү секторунда мындан аркы колдоону аныктоого багытталган. Ислам Өнүктүрүү Банкынын, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын жана өнүктүрүүнү каржылоо боюнча көп тараптуу кызматташуу борборунун өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын өнөктөштөр менен кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды.