Мамлекеттик органдардын санариптик трансформациясын талкуулоо

img

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын төрагалыгы алдында санариптештирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын министрлеринин орун басарлары менен кезектеги жумушчу кеңешме болуп өттү, анын алкагында санариптик трансформация боюнча министрлик жана ведомстволордун ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр санариптештирүү жаатындагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин актуалдуу жетишкендиктерин тааныштырып, мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу айтып берди. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана бизнес-процесстерди оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Н.Кутнаева мамлекеттик органдар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы боюнча өз алдынча алмашышы мүмкүн болгон калкты тейлөө борборлорунда берилген маалымкаттар боюнча статистиканы сунуштады.

Ошондой эле министрдин орун басары Клим Омельченко мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, киберкоопсуздук боюнча мониторинг борборун түзүү максатында мыйзамдарды өзгөртүүнү кошкондо, санариптик трансформация боюнча пландарды сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү жана маалыматтарды алмашуу үчүн “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында активдүү өз ара аракеттешүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик сектордогу санариптештирүүнү каржылоо маселелерин талкуулашты. Аталган маселе боюнча Н.Кутнаева иштеп чыгууларга жана технологиялык продуктыларга болгон муктаждыкты ыкчам аныктоого, аларды ишке ашырууга каражаттарды өз убагында бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлердин орун басарлары жана башка профилдик адистер үчүн алардын санариптик трансформация чөйрөсүндөгү квалификациясын жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында системалуу түрдө окутууну өткөрүүнү пландаштырууда.

Бул чаралардын бардыгы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санариптик доордо жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.