Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук билдирүүлөр системасы аркылуу кайрылуусу

img

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын жарандар менен ыкчам жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы https://portal.tunduk.kg/ аркылуу жарандардын кайрылууларынын бирдиктүү системасы киргизилген.

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы мамлекеттик порталдын авторлоштурулган колдонуучуларына өздүк кабинетине кирүү менен кайрылууларды сунуш, арыз, даттануу түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүүгө жана иштелип чыккан жоопторду алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле “Кайрылуулардын тарыхы” бөлүмүндө жөнөтүлгөн кайрылуулардын каралышынын статусун контролдоого, колдонуучунун тандоосуна жараша электрондук почтага же Telegram мессенджерге билдирүү түрүндө жөнөтүлгөн кайрылууну кароо статусу жөнүндө кабарлоону алууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары, мамлекеттик органдын жообун баалап жана пикир калтыра алышат.

Авторизациядан өтпөгөн мамлекеттик порталдын колдонуучулары мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кайрылууларды жөнөтүү жана иштелип чыккан жоопту алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бирок, алар үчүн кайрылууну көзөмөлдөө жана алынган жоопту баалоо мүмкүнчүлүгү жок.

Жарандар ошондой эле бул системаны мамлекеттик органдардын расмий сайты жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул аларга маморгандар менен өз ара аракеттенүүдө ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Белгилей кетсек, бардык кайрылуулар “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу аткаруучуга (мамлекеттик органга) автоматтык түрдө келип түшөт, бул – процессти автоматташтырууга, жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет.