Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн аркылуу көрүп, ырахат алыңыздар

img

Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкөбүздүн эң кооз жерлеринде орнотулган “Кыргызтелеком” ААК панорамалык камераларынын жардамы менен Кыргызстандын кооздугун онлайн режиминде көрүү мүмкүнчүлүгүн эскертет. Учурда 15 камера орнотулган:

  • Бишкек-1;
  • Ысык-Көл-5;
  • Баткен – 1;
  • Талас-2;
  • Нарын – 2;
  • Жалал-Абад – 2;
  • Ош – 2.

Жакын арада алардын санын 100гө чейин көбөйтүү пландалууда. Панорамалык камералар шаарларды, тоо кыркаларын, тарыхый эстеликтерди жана улуттук парктарды карап, аларды төмөнкү жерлерде жогорку сапатта көрүүгө мүмкүнчүлүк берет:

  • Бишкек (Чүй облусу);
  • Бостери, Балыкчы, Түп, Каракол, Бөкөнбаев (Ысык-Көл облусу);
  • Баткен (Баткен облусу);
  • Нарын, Кочкор (Нарын облусу);
  • Талас, “Манас Ордо” (Талас облусу);
  • Жалал-Абад, Арсланбап (Жалал-Абад облусу);
  • Ош, Сулайман-Тоо (Ош облусу).

Бул долбоордун жардамы менен каалаган каалоочулар каалаган убакта трансляцияга кошулуп, реалдуу убакытта Кыргызстандын кооздугун көрө алышат, ошондой эле камера жайгашкан жердеги аба ырайынын шарттары жана температурасы жөнүндө актуалдуу маалыматтарды ала алышат. Бул сапарды пландап жаткандар үчүн, эс алуу жайын тандап алуу, ошондой эле биздин өлкөнүн кооз пейзаждарынан өз үйлөрүнүн ыңгайлуулугунан ырахат алууну каалагандар үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Биз Кыргызстандын кооздугуна жетүүнү бардыгы үчүн максималдуу ачык жана ыңгайлуу кылууга умтулабыз жана бул долбоор Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, көптөрдү биздин кооз өлкөбүздүн изилденбеген маршруттары боюнча жаңы саякаттоолорго шыктандырат деп ишенебиз. Панорамалык камералардан онлайн-трансляцияларга жеткиликтүүлүктү “Кыргызтелеком” ААКнын расмий сайтынан төмөнкү шилтеме боюнча тапса болот  https://online.kt.kg/