Санариптик өнуктүрүү министрлиги жаңы электрондук кезекти тестирлөөдө

img

КР СӨМгө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан электрондук кезектин жаңы нускасы Республика боюнча Калкты тейлөө борборлорунда пилоттук режимде ишке киргизилди.

Келечекте бул сервисти «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграциялоо пландаштырылууда, анда жарандар талондорду онлайн брондой алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Жаңы электрондук кезек системасы бир катар артыкчылыктарга ээ:

  • Кыргызстанда иштелип чыгып, колдонуучуларынын өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алат;
  • Системанын интерфейси жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү болуп, колдонуучуга ыңгайлуу;
  • Келечекте система «Түндүк» мобилдик тиркемеси менен интеграцияланат, бул жарандарга талондорду аталган тиркемеде онлайн брондоого мүмкүндүк берет.

Жаңы электрондук кезек кандайча иштейт?

  1.  Жарандар кызматты терминалдан тандап, кезек талонун ошол жерден, терминал аркылуу ала алышат.
  2. Талонду алгандан кийин күтүү залына барып, кезекти күтүү зарыл.
  3. Кезек маалыматы таблодо көрсөтүлөт, анда талондун номери жана кайрыла турган терезенин номери көрсөтүлөт.

Электрондук кезек төмөнкү Калкты тейлөө борборлорунда тестирлөөдөн өтүүдө:

Чолпон-Ата, Токтогул, Түп, Ак-Суу, Баткен, Кемин, Кант, Кадамжай, Лейлек, Араван, Балыкчы, Ат-Башы, Кочкор, Нарын, Талас, Каракол, Базар-Коргон, Сузак, Кызыл-Суу, Панфилов, Ноокат жана Жалал-Абад.
КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасы жарандарды жаңы системаны тестирлөөгө байланыштуу мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Сиздин пикир жана сунуштар бизге жаңы электрондук кезек системасын дагы да ыңгайлуу жана натыйжалуу кылууга жардам берет.

Чалуу борбору: 119.