Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууда: жарандар үчүн кайтарым байланыш

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (Министрлик) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган бир катар демилгелерди эске салат.

Министрлик жарандар үчүн жеткиликтүү жана калк менен пикир алышуу жана ачык диалог түзүү үчүн ар кандай байланыш каналдарын түзөт.

Жарандар расмий маалыматты Министрликтин digital.gov.kg сайтынан ала алышат.

Telegram же Whatsapp мессенджериндеги чат боттор аркылуу документтештирүү, калкты каттоо, булут кол тамгасын алуу жана аны Түндүктө колдонуу боюнча көп берилүүчү суроолорго жооп алсаңыз болот:

  • @sanarip_kg_bot жасалма интелектке негизделген (24/7);
  • @tundukgov_bot в (электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана «Түндүк» мобилдик тиркемеси);
  • @drndigital (КТБ жана калкты каттоо жана документтештирүү боюнча суроолор).

Электрондук кайрылуу жөнөтүү:

  • info@digital.gov.kg электрондук почта;
  • электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg.

Каалоочулар колл-борбордун 119 телефону боюнча чалса болот (чалуу акысыз), ошондой эле +996 312 61-01-41 номери боюнча Министрликтин коомдук кабылдамасына оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу калтырса болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жарандарды маалымат алуу, суроо-талаптарды жана сунуштарды жөнөтүү үчүн жеткиликтүү байланыш каналдарын активдүү пайдаланууга чакырат.

Кайта байланыштын жардамы менен Министрлик  көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын мындан ары жакшыртууга жана аларды бардык жарандар үчүн жеткиликтүү кыла алат.