Министрлик жана KOICA кызматташтыктын келечегин талкуулашты

img

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Тараптар биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын, анын ичинде «Түндүк» платформасындагы кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик булуттук инфраструктурасы – G-Cloud’ду ишке киргизүүгө даярдык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Санариптик компетенциялар боюнча окуу-консультациялык борборун түзүү жана IT-хабды өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелер каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптик трансформация жаатында мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдиришти.