Н. Кутнаева Жалал-Абад шаарындагы жаңы IT-борбордун ачылышына катышты

img

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Н. Кутнаева Жалал-Абаддагы “IT-RUN ACADEMY” жаңы IT-борборунун ачылышына катышты. Борбордун ачылышы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин бөлүп берүү жана курулуш аркылуу мүмкүн болуп, окуу тармагын өнүктүрүүгө жана студенттердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүүчү комплекстүү окуу жай болуп калат. IT-борборунун ачылышы технологиялык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистерди даярдоого салым кошуп, аймактын билим берүү инфраструктурасын жаңыртуудагы маанилүү кадам болду. Бул иш-чара заманбап билим берүү стандарттарына умтулууну баса белгилеп, жаштар үчүн кесиптик ийгиликтерге жетишүүдө жана аймакта инновацияларды киргизүүдө жаңы перспективаларды ачат